Royal
SerepTV Logo

Коргоо министрлиги: Балыкчыда аскер кокусунан ок чыгарып, ок башка аскерге тийген

Коргоо министрлиги: Балыкчыда аскер кокусунан ок чыгарып, ок башка аскерге тийген
Жаракат алган аскер Бишкектеги ооруканалардын биринде дарыланууда. Бул тууралуу журналисттерге Коргоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, анын абалы канааттандырарлык. «20636-аскер бөлүгүнүн аскер кызматкери куралга этиятсыз мамиле жасагандыктан ок чыгарган. Ок катардагы аскерге тийген. Ички иликтөө иштери жүргүзүлдү. Иш боюнча документтер Балыкчы гарнизонунун Аскердик прокуратурасына өткөрүп берилди», - деп айтылат министрликтин маалыматында. Балыкчыда Коргоо министрлигинин аскер кызматкери уруксатсыз тапанча алып, жерге ок чыгарган. Ок кесиптешин жарадар кылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, жабырлануучу жамбашынан жаракат алган.