Балбак Түлөбаев: "Мен базарга күндө барам. Акыркы жолу 30 сомдон бозо сатып алгам"
Президент Садыр Жапаров мындан эки күн мурун "Дордой" жана "Ош базарына" барды. "Өлкө башчысынын базарга барышы - бул Министрлер кабинетинин иши чабалдыгынан улам болуп жатат" дегендер болду.
SUPERTV каналы бул боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынын оюн угуп, алардын акыркы жолу качан базарга баргандыгы тууралуу сурамжылоо жүргүздү.
Депутат Балбак Түлөбаевдин айтымында, ал базарга дайыма барат. Ал акыркы жолу базардан 30 сомго бозо сатып алганын айтты. "Мен күндө эле базарга барам. Азык-түлүк саткан базарларды кыдырам. Акыркы жолу бозо сатып алдым. Баасы 30 сомдон", - деди ал. https://www.youtube.com/watch?v=l1ZE-zAruRQ