SerepTV Logo

Азимбек Бекназаров Башкы прокуратурада сурак берүүдө

Азимбек Бекназаров Башкы прокуратурада сурак берүүдө
Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров Башкы прокуратурада сурак берүүдө. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышты. Маалым болгондой, ал  2010-жылдын июнь окуясы боюнча козголгон кылмыш иши боюнча көрсөтмө берип жатат. Белгилей кетсек, Азимбек Бекназаров 2010-жылы убактылуу өкмөттүн мүчөсү болчу. Аны менен катар Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Дамира Ниязалиева жана башка жалпысынан 14 адам убактылуу өкмөттүн мүчөсү болгон.
Unknown Author