Abank
SerepTV Logo

"Атасы урушуп койгон". Жалал-Абадда дайынсыз болуп жаткан 15 жаштагы өспүрүм табылды

"Атасы урушуп койгон". Жалал-Абадда дайынсыз болуп жаткан 15 жаштагы өспүрүм табылды

Ноокенде дайынсыз болуп жаткан өспүрүм милиция тарабынан табылып, ата-энесине өткөрүп берилди. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга Ноокен районунун 1979-жылы туулган тургуну кайрылып, 4-февралдан бери 15 жаштагы уулу үйүнөн мектепке чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгонун билдирип, аны табууга көмөк көрсөтүүнү суранган. Бул факты Ноокен РИИБге катталып, багыттамалар жөнөтүлүп, издөө иштери башталган. Издөө иштеринин натыйжасында өспүрүм Таш-Көмүр шаарында ата-энесинен жашынып жүргөн жеринен табылган. Ал Ноокен РИИБдин Тергөө бөлүмүнө камсыз кылынып, ата-энесине өткөрүп берилди. Исламбек ата-энесинин катышуусунда берген көрсөтмөсүндө, 4-февраль күнү атасы урушуп койгондуктан үйүнөн "мектепке кеттим" деп чыгып кеткендигин, кийин Таш-Көмүр шаарында соода-сатык дүкөндөрдө ар кандай жумуштарды жасап, өзүнүн курсагын тойгузуп, ата-энесинен жашынып жүргөндүгүн билдирген.