"Аскердик салгылашуу кызуу жүрүп, сирена тынбай, коменданттык сааттар уланууда". Элчи Украинага барбай турууну суранды
Азыркы учурда Украинадагы элчилик Батыш Украинада өз кызматын аткарып, ишмердүүлүгүбүз үзгүлтүксүз жүрүп жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов билдирди.
"Акыркы аптада Украинадан дагы 7 жараныбызга учак билеттер алынып, Кыргызстанга эвакуацияланды. Соңку күндөрү Орозо айы бүткөндөн кийин Украинага кайтуу ниетин билдирген жарандар көп кайрыла башташты. Бул жерде аскердик салгылашуу дагы деле кызуу түрдө жүрүп, шаарларда сирена тынбай, коменданттык сааттар уланууда. Азырынча Украинага келбей турууну сунуштайм жана өтүнөм! Дал ушундай сунушту азыр жергиликтүү аскер бийлик органдары дагы билдирип жатат. Украинага келүү эрте, өз өмүрүңүздү тобокелге салбаңыздар!" - деп жазылат элчинин билдирүүсүндө.