Алымкадыр Бейшеналиев: "4 башкы дарыгер ээлеген кызматынан бошотулат"
Саламаттыкты сактоо министрлигинин коллегиясынын жыйынтыгы менен 4 башкы дарыгер жумуштан бошотула турганын министр Алымкадыр Бейшеналиев коллегияда билдирди.
Ал белгилегендей, ар бир райондо коллегиялар өткөрүлгөн. "Чечим кабыл алынды. 4 башкы дарыгер кызматынан бошотулат. 12 башкы дарыгерге сөгүш жана 7 башкы даргерге эскертүү берилет", - деди ал.