SerepTV Logo

Акыркы суткада 820 адамдан коронавирус аныкталып, 3 киши каза болду. Статистика

Акыркы суткада 820 адамдан коронавирус аныкталып, 3 киши каза болду. Статистика
Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 820 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 600, Ошто — 12, Чүйдө — 109, Ош облусунда — 4, Таласта - 14, Нарында — 3, Ысык-Көлдө — 40, Жалал-Абадда — 9, Баткенде — 29 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 191 миң 288 адамга жетти. Соңку суткада 3 адам өлүмү катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 836 адамды түздү.