Акыркы суткада 31 адамдан коронавирус аныкталып, 1 киши каза болду. Статистика
Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 31 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 9, Чүйдө — 16, Ысык-Көлдө 4, Жалал-Абадда - 2 учур аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 200 миң 368 адамга жетти.
Соңку суткада 1 адам өлүмү катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 947 адамды түздү.