Royal
SerepTV Logo

Акыркы суткада 29 адамдан коронавирус аныкталып, 2 киши каза болду. Статистика

Акыркы суткада 29 адамдан коронавирус аныкталып, 2 киши каза болду. Статистика
Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 29 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 19, Чүйдө — 6, Ош облусунда — 2, Ысык-Көлдө — 2 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 200 миң 556 адамга жетти. Соңку суткада 2 адам өлүмү катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 960 адамды түздү.