Royal
SerepTV Logo

Акыркы суткада 25 адамдан коронавирус аныкталып, 2 киши каза болду. Статистика

Акыркы суткада 25 адамдан коронавирус аныкталып, 2 киши каза болду. Статистика
Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 25 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 9, Чүйдө - 12, Таласта — 2, Жалал-Абадда - 2 учур аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 200 миң 427 адамга жетти. Соңку суткада 2 адам өлүмү катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 952 адамды түздү.