Акыркы суткада 243 адамдан коронавирус аныкталып, 4 киши каза болду. Статистика
Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 243 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 124, Ошто — 5, Чүйдө — 56, Ош облусунда — 5, Таласта — 4, Нарында — 8, Ысык-Көлдө — 27, Жалал-Абадда — 4, Баткенде — 10 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 198 миң 962 адамга жетти.
Соңку суткада 4 адам өлүмү катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 893 адамды түздү.