Royal
SerepTV Logo

Акыркы суткада 20 адамдан коронавирус аныкталып, 1 адам каза болду. Статистика

Акыркы суткада 20 адамдан коронавирус аныкталып, 1 адам каза болду. Статистика
Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 20 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 12, Чүйдө - 4, Ош облусунда — 1, Ысык-Көлдө - 3 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 200 миң 691 адамга жетти. Соңку суткада 1 адам каза болду. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 970 адамды түздү.