Royal
SerepTV Logo

Акыркы суткада 13 адамдан коронавирус аныкталып, 1 адам каза болду. Статистика

Акыркы суткада 13 адамдан коронавирус аныкталып, 1 адам каза болду. Статистика
Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 13 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 12, Жалал-Абадда — 1 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 200 миң 671 адамга жетти. Соңку суткада 1 адам каза болду. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 969 адамды түздү.