Royal
SerepTV Logo

Акыркы суткада 11 адамдан коронавирус аныкталып, 1 киши каза болду. Статистика

Акыркы суткада 11 адамдан коронавирус аныкталып, 1 киши каза болду. Статистика
Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 11 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 4, Чүйдө — 7 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 200 миң 946 адамга жетти. Соңку суткада 1 киши каза болду. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 989 адамды түздү.