Акыркы суткада 107 адамдан коронавирус аныкталып, 4 киши каза болду. Статистика
Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 107 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 44, Ошто — 1, Чүйдө — 43, Ош облусунда — 1, Нарында — 1, Ысык-Көлдө — 12, Жалал-Абадда — 2, Баткенде — 3 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 199 миң 821 адамга жетти.
Соңку суткада 4 адам өлүмү катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 917 адамды түздү.