Royal
SerepTV Logo

Айгүл Жапарова иш сапары менен Беларуска барды

Айгүл Жапарова иш сапары менен Беларуска барды
Кыргыз Республикасынын биринчи айымы Айгүл Жапарова 10-июлда «Славян базары» эл аралык искусство фестивалынын алкагында маданий иш-чараларга катышуу үчүн Беларусь Республикасына барды. Иш сапардын жүрүшүндө ошондой эле жогорку деңгээлдеги бир катар эки жактуу жолугушууларды өткөрүү пландалууда. Минск шаарынын улуттук аэропортунан мамлекет башчысынын жубайын Беларустун эмгек жана социалдык коргоо министри Наталия Павлюченко тосуп алды.
[gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="245727,245728"]