"Аэрофлот" Кыргызстанга кайра уча баштады, алгачкы каттамы бүгүн "Манаска" конот
"Аэрофлот" Кыргызстанга кайра уча баштады, алгачкы каттамы бүгүн, 14-мартта "Манаска" конот. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен маалымдашты.
8-марттан тартып учуулар токтотулгандан кийинки авиакомпаниянын биринчи каттамы саат 16:10го пландалып, Москвадан учуп келгендер Бишкекке конот.