SerepTV Logo

9-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

9-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 9-сентябрда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Талас, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт. Абанын температурасы: Чүй облусу түнкүсүн +8… + 13, күндүз + 19 … +24, Талас облусу түнкүсүн +4… + 9, күндүз + 17 … +22, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +10… + 15, күндүз +20… + 25, Ысык-Көл облусу түнкүсүн +7… + 12, күндүз + 17 … +22, Нарын облусу түнкүсүн + 3… + 8, күндүз + 16…+21. Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз жаан жаашы мүмкүн. Абанын тепературасы +11…+13, күндүз +22…+24 градуска жетет.