Royal
SerepTV Logo

9-августка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

9-августка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 9-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу аймактарда өткүн өтөт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +18…+23, күндүз +34…+39, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +14…+19, күндүз +31…+36, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +19…+24, күндүз +34…+39, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +25…+30. Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +28…+33. Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +21…+23, күндүз +37…+39 градус болот.