9-10-сентябрда тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн
9-10-сентябрь күндөрү туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Сел коопсуздук эрежелерин сактаңыз:
- арыктарды тазалап, жээгин бекемдеңиз жана таштанды таштабаңыз;
- турак үй жайгашкан жерде жаан суулары - агып өтүүгө ылайыкталган арыктын болушун камсыздаңыз;
- Үй же сарай салууда, эгин айдоодо сел жүрүү кооптуулугу бар тилкелерге жакын эместигине өзгөчө көңүл буруңуз;
- сел учурунда дароо коопсуз жайга кетиңиз;
- мүмкүнчүлүк болсо үйдөгү жарык, суу, газды өчүрүп чыгыңыз.