"-8 градуска чейин төмөндөйт". 7-8-сентябрда тоолуу райондордо үшүк жүрүшү күтүлөт
7-8-сентябрда Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
7-сентябрда Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондорунда кар, айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Ал эми Ош, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын жаашы күтүлөт.
Абанын табы:
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +4…+9°, күндүз +13…+18°;
- Талас өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6°, күндүз +13…+18°;
- Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөндөрүндө түнкүсүн +8…+13°, күндүз +18…+23°, тоо этектеринде түнкүсүн -2 сууктан +3° жылуулукка чейин, күндүз 9…14°;
- Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6°, күндүз +8…+13°;
- Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн +2…+7°, күндүз +12…+17°;
- Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 0…+5°, күндүз +13…+18°, тоолуу райондордо түнкүсүн -1…-6°, күндүз +5…+10°, бийик тоолордо түнкүсүн -3…-8°, күндүз +3…+8°ка чейин төмөндөйт.
Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
8-сентябрда түнкүсүн жана эртең менен Чүй облусунун тоо этектеринде, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарынын айрым жерлеринде 0…-2° үшүк жүрүшү күтүлөт.
Мындай үшүк мөмө жана жашылча жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картошка, кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.