Royal
SerepTV Logo

8-августка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

8-августка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 8-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу аймактарда өткүн өтөт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +18…+23, күндүз +33…+38, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +13…+18, күндүз +31…+36, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +19…+24, күндүз +33…+38, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +24…+29. Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +25…+30. Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +21…+23, күндүз +36…+38 градус болот.