31-августта тоскоолдук жараткан унаалар эвакуатордун жардамы менен алынары эскертилди
31-август "Ала-Тоо" аянтында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт. Буга байланыштуу Милициянын кайгуул кызматы бул күндөрү коомдук транспорт каражаттарын колдонууга чакырды.
"Ушул күндөрү болуп жаткан иш-чаралардын маанилүүлүгүнө байланыштуу убактылуу киргизилген чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды суранабыз. Жолдо жүрүү эрежесин так сактоого жана унаа каражаттардын кыймылына тоскоолдук жаратып калтырылган унаа каражаттары эвакуаторлордун жардамы менен алынарын эскертебиз",- дешти.
Посмотреть эту публикацию в Instagram