Royal
SerepTV Logo

31-августта Бишкектин жолдору жабык болот. Тизме

31-августта Бишкектин жолдору жабык болот. Тизме
Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата Бишкек шаарынын "Ала-Тоо" аянты унаа кыймылына жабык болот. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти. 31-августта Бишкек шаарында төмөнкү көчөлөрдө унаа каражаттарынын кыймылына жолдор жабык болот:
  • Чүй проспектиси, Ибраимов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Фрунзе көчөсү, Эркиндик бульварынан Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Орозбеков менен Раззаков көчөлөрү, Фрунзе көчөсүнөн Чүй простпектисине чейинки бөлүктөрү;
  • Ибраимов көчөсү, Чүй простпектиси Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү.