Royal
SerepTV Logo

3-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

3-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 3-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз өлкө аймактарында жаан жаабайт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +22…+27, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +4…+9, күндүз +19…+24, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +26…+31, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +17…+22, Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +18…+23. Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +9…+11, күндүз +25…+27 градус болот.