Royal
SerepTV Logo

3-августка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

3-августка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
3-августта түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +20…+25, күндүз +32…+37, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +14…+19, күндүз +30…+35, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +20…+25, күндүз +33…+38, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +25…+30. Нарын облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +28…+33. Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +23…+25, күндүз +35…+37 градус болот.