Royal
SerepTV Logo

28-августта өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

28-августта өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 28-августта түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +13…+18, күндүз +25…+30; Талас облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +21…+26; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +16…+21, күндүз +29…+34; Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +11…+16, күндүз +23…+28; Нарын өрөөнүндө түнкүсүн +8…+13, күндүз +24…+29 градус жылуу болот. Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +16…+18°, күндүз +27…+29° жылуу болот.