Royal
SerepTV Logo

27-июнга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

27-июнга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
27-июнда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +19…+24, күндүз +34…+39, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +16…+21, күндүз +34…+37, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +19…+24, күндүз +34…+39, Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +12…+17, күндүз +25…+30, Нарын облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +25…+30. Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +21…+23, күндүз +36…+38 градус ысык болот.