Royal
SerepTV Logo

27-августка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

27-августка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 27-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +11…+16, күндүз +27…+32; Талас өрөөнүндө түнкүсүн +7…+12, күндүз +22…+27; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +30…+35; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +25…+30; Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +25…+30 градус ысыйт. Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +14…+16°, күндүз +29…+31° ысык болот.