Royal
SerepTV Logo

26-июнга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

26-июнга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
26-июнда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +16…+21, күндүз +31…+36, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +14…+19, күндүз +30…+35, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +18…+23, күндүз +33…+38, Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +12…+17, күндүз +22…+27, Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +19…+24. Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +19…+20, күндүз +33…+35 градус ысык болот.