Royal
SerepTV Logo

26-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

26-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 26-апрелде түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй обулусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +17…+22, Талас облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +16…+21, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +8…+13, күндүз +22…+27, Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн +1…6, күндүз +15…+20. Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +5…+7, күндүз +19…+21.