Abank
SerepTV Logo

25-августта өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

25-августта өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 25-августта түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +25…+30 Талас өрөөнүндө түнкүсүн +7…12, күндүз +22…+27 Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +28…+33 Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +8…+13, күндүз +22…+27 Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +25…+30 Бишкекте  жаан-чачын күтүлбөйт абанын  температурасы түнкүсүн +15…+17°, күндүз +27…+29° жылуу болот.