Abank
SerepTV Logo

25-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

25-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 25-июлга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +19…+24, күндүз +35…+40, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +16…+21, күндүз +33…+38, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +20…+25, күндүз +35…+40, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +25…+30. Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +22…+27. Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын  температурасы түнкүсүн +21…+23, күндүз +36…+38 градус болот.