Royal
SerepTV Logo

24-апрелге карата өлкөдөгү аба ырайы

24-апрелге карата өлкөдөгү аба ырайы
Эртең, 24-апрелде түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр, тоолуу аймактарында кар жаайт. Күндүз көпчүлүк облустарда жаан-чачын күтүлөт. Абанын температурасы: Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9 градус, күндүз +14…+19, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +15…20+, Талас облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +16…+21, Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +18…+23, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +19…+24, Бишкекте күндүз жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13, күндүз +21…+23 градус болот.