Royal
SerepTV Logo

22-июнга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

22-июнга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 22-июнда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +18…+23, күндүз +30…+35, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +15…+20, күндүз +28…+33, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +19…+24, күндүз +31…+36, Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +11…+16, күндүз +21…+26, Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +21…+26. Бишкекте күндүз өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +20…+22, күндүз +32…+34 градус ысык болот.