Abank
SerepTV Logo

21-августка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

21-августка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 21-августта түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.  Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +13… + 18, күндүз + 27… + 32, Талас облусунда түнкүсүн +9… + 14, күндүз +24 … +29, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +15… + 20, күндүз +29… + 34, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10… + 15, күндүз + 22 … +27, Нарын облусунда түнкүсүн +8… + 13 күндүз, + 22 … +27. Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +16…+18, күндүз +30…+32 градус болот.