Royal
SerepTV Logo

21-апрелге карата өлкөдөгү аба ырайы

21-апрелге карата өлкөдөгү аба ырайы
Эртең, 21-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймакта өткүн өтүп, күн күркүрөйт, Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +17…+22; Талас облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +16…+21; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +10…+15 күндүз +19…+24; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +14…+19; Нарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +14…+19; Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13, күндүз +20…+22 градус болот.