Abank
SerepTV Logo

21-апрелде Бишкектин айрым райондорунда суу жок болот. Көчөлөрдүн тизмеси

21-апрелде Бишкектин айрым райондорунда суу жок болот. Көчөлөрдүн тизмеси

21-апрелде борбор калаанын айрым райондорунда суу берүү убактылуу токтотулат. “Бишкек суу канал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын маалыматына ылайык, 21-апрелде саат 9:00дөн 15:00гө чейин төмөнкү райондордо суу берүү токтотулат:

  • Ала-Арча дарыясы - темир жол линиясы - Жибек Жолу проспектиси – Жаш Гвардия бульвары;
  • Жаш Гвардия бульвары - темир жол линиясы – Фрунзе көчөсү - Манас проспектиси;
  • Дэн Сяопин проспектиси - Ала-Арча дарыясы – Бөкөнбаев көчөсү - Кулиев көчөсү - Москва – көчөсү – Фучик көчөсү - Казаков көчөсү.

Бул “Батыш-2” суу алгычында жана шаардагы суу түтүктөрүндө оңдоо-профилактикалык иштерге байланыштуу аргасыз чара. Мэрия келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт жана калкты, мекемелерди ичүүчү суу камдап алуусун суранат.