Royal
SerepTV Logo

20-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

20-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 20-июлда Ысык-Көл облусунун айрым райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +29…+34, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +13…+18, күндүз +28…+33, Баткенде түнкүсүн +17…+22, күндүз +30…+35, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +18…+23, күндүз +31…+36, Ысык-Көл блусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +22…+27. Нарында түнкүсүн +8…+13, күндүз +22…+27. Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +32…+34 градус болот.