Abank
SerepTV Logo

20-августка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

20-августка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
20-августка караган түнү Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Баткен облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз Ысык-Көл, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлүүдө. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +13…+18, күндүз +27…+32 Талас облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +24…+29 Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +14…+19, күндүз +30…+35 Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +10…+15, күндүз +21…+26 Нарын өрөөнүндө түнкүсүн +8…+13, күндүз +22…+27 градус жылыйт. Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +16…+18, күндүз +30…+32 ысыйт.