Abank
SerepTV Logo

2-3-августта тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн

2-3-августта тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн
2-3-августта абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Сел коопсуздук эрежелерин сактаңыз: - арыктарды тазалап, жээгин бекемдеңиз жана таштанды таштабаңыз; - турак үй жайгашкан жерде жаан суулары - агып өтүүгө ылайыкталган арыктын болушун камсыздаңыз; - Үй же сарай салууда, эгин айдоодо сел жүрүү кооптуулугу бар тилкелерге жакын эместигине өзгөчө көңүл буруңуз; - сел учурунда дароо коопсуз жайга кетиңиз; - мүмкүнчүлүк болсо үйдөгү свет, суу, газды өчүрүп чыгыңыз.