18-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 18-июлда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтөт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жамгыр жаайт, кээ бир райондордо нөшөрлүү жаан жаашы мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +15...+20, күндүз +27...+32,
Талас жергесинде түнкүсүн +12...+17, күндүз +24...+29,
Баткен, Ош, Жалал-абад облустарында түнкүсүн +17...+22, күндүз +29...+34,
Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн +10...+15, күндүз +23...+28,
Бишкек шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +29…+31 градус ысык болот.