Royal
SerepTV Logo

17-июнга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

17-июнга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 17-июнда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35; Талас өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүз 27…32; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 18…23, күндүз 32…37; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 22…27; Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 23…28; Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20°, күндүз 32…34 градус ысык болот.