Royal
SerepTV Logo

17-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

17-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 17-июлда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал, кээ бир райондордо нөшөрлүү жаан жаайт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +14…+19, күндүз +28…+33; Талас өрөөнүндө түнкүсүн +12…+17, күндүз +27…+32; Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +31…+36; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +22…+27; Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +24…+29; Бишкекте түнкүсүн жаан жаабайт, күңдүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19°, күндүз +30…+32° ысык болот.