Royal
SerepTV Logo

17-августка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

17-августка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 17-августта Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун айрым жерлеринде, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн +16…+21, күндүз +30…+35, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +11…+16, күндүз +25…+30, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +19…+24, күндүз +32…+37, Ысык-Көл аймагында түнкүсүн +12…+17, күндүз +25…+30, Нарын облусунда  түнкүсүн +10…+15, күндүз +26…+31 градус ысык болот. Борбор калаа Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +19…+21°, күндүз +32…+34° болот.