Royal
SerepTV Logo

15-июнга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

15-июнга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 15-июнда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 29…34; Талас өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 26…31; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17…22, күндүз 31…36; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 21…26; Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26 градус жылыйт. Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17°, күндүз 30…32° ысык болот.