Abank
SerepTV Logo

15-августка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

15-августка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 15-августта өлкөнүн көпчүлүк аймактарында өткүн өтөт. Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым аймактарында түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз Ысык-Көл облусунун, Чүй, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Талас, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн +19…+24, күндүз +34…+39; Талас облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +31…+36; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +20…+25, күндүз +34…+39; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +26…+31; Нарын облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +27…+32 градус ысыйт. Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүн биринчи жарымында өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн, күндүн экинчи жарымында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +22…+24°, күндүз +37…+39° ысык болот.