15-16-августта Ысык-Көлдө сел жүрүшү мүмкүн
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 15-16-августта туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ысык-Көл облусунун тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Эгер кандайдыр бир өзгөчө кырдаалдын күбөсү болсоңуз токтоосуз "112" кызматына билдириңиз.