Royal
SerepTV Logo

14-февралга карата өлкөдөгү аба ырайы

14-февралга карата өлкөдөгү аба ырайы
Эртең, 14-февралда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар жаайт. Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Эртең менен жана күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Жалал-Абад облустарынын айрым аймактарында жаан, кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Чүй облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +8…+13; Талас облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +6…+11; Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарында ​түнкүсүн -3…+2, күндүз +8…+13; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +2…+7; Нарын облусунда түнкүсүн -17…-22, күндүз -5…-10; Бишкек шаарында түнкүсүн 0…-2 градус, күндүз +10…+12 градус болот.