Royal
SerepTV Logo

13-июнга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

13-июнга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 13-июнда түнкүсүн Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорунда карга айланат. Күндүз Чүй, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Талас облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорунда карга айланат. Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жамгыр нөшөрлөп жаашы мүмкүн. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14…19, күндүз 25…30; Талас өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 24…29; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17…22, күндүз 31…36; Ысык-Көл облусунда тункүсүн 9…14, күндүз 19…24; Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 20…25 градус жылыйт. Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 19…21°, күндүз 32…34° ысыйт.